Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Орус абагындагы украин режиссеру Олег Сенцов ачкачылык жарыялады


Олег Сенцов. Архивдик фото.
Олег Сенцов. Архивдик фото.

Орусияда 20 жылга түрмөгө кесилген украиналык режиссер Олег Сенцов мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Ал Орусияда саясий негизде эркинен ажыратылган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылып жатат. Бул тууралуу режиссердун адвокаты Дмитрий Динзе маалымат каражаттарына билдирди.

Сенцов учурда Ямало-Ненецк автоном аймагындагы түрмөдө жазасын өтөп жатат. Аны Крымдан Орусиянын күч түзүмдөрү 2014-жылдын жазында уурдап кетишкен. 2015-жылы аны орус соту аннексияланган "Крым жарым аралында террорчул уюм түзүүнү көздөгөн" деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Режиссер мындай дооматты четке каккан. Ал эми «Мемориал» укук коргоо уюму режиссерду саясий негизде куугунтукталгандардын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG