Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Армения: Ереванда митингчилер мэрияга кирип барышты


Еревандагы акциянын катышуучулары. 16-май, 2018-жыл.
Еревандагы акциянын катышуучулары. 16-май, 2018-жыл.

16-майда Еревандын мэри Тарон Маркаряндын ишине нааразы болгон акциясынын катышуучулары ал жолугушууга чыкпай койгондон кийин кароолдун тоскоолдугуна карабай имараттын ичине кирип барышты. Митингчилер мэрди шаардын паркындагы көктөп турган дарактарды кыйып салганы үчүн күнөөлөп, аны жемкорлукка байланыштуу да айыпташууда.

Демонстранттар Тарон Маркарянды 23-апрелде элдин көчө жүрүштөрүнөн кийин премьерлик кызматтан кетүүгө мажбур болгон Серж Саргсяндын адамы деп да эсептешет. Мэр кызматтан кетүүгө ниети жоктугун айтып, сейилбак оңдолуп жаткандыктан андагы куураган бактар гана кыйылганын айтууда.

XS
SM
MD
LG