Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Палестин автономиясы төрт Европа өлкөсүндөгү элчилерин чакыртып алат


Палестинадагы кагылыштар.
Палестинадагы кагылыштар.

Палестин автономиясынын Тышкы иштер министрлиги Австриядан, Венгриядан, Румыниядан жана Чехиядан өзүнүн элчилерин кеңешүү үчүн чакыртып алат. Бул тууралуу маалымат Палестин автономиясынын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Билдирүүдөгү маалыматка караганда, бул өлкөлөрдүн Израилдеги элчилери АКШнын элчилигин Иерусалимде ачкан иш-чарага катышкан. Палестин автономиясынын Тышкы иштер министрлиги элчилер бул кадамы менен эл аралык укук нормаларын жана Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын бузганын белгилейт.

Буга чейин Палестина АКШнын Израилдеги элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүргөнүнө каршылык иретинде Вашингтондогу элчисин чакыртып алган.

Дүйшөмбүдө Америка Кошмо Штаттары Иерусалимде жаңы элчилигин расмий ачкан.

Былтыр декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Америка элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү тууралуу чечим кабыл алган. Анын чечимин араб өлкөлөрүнүн лидерлери, Европа Биримдиги катуу сынга алып, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктар жаралган жана Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагын анын ээлиги деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG