Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Бишкекте бүгүн Сотторду тандоо кеңешинин жыйыны болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыйын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Сотторду тандоо кеңеши 2010-жылдан кийинки сот реформасын жүргүзүү демилгесинин алкагында түзүлгөн.

Ал судьяларды үч баскыч менен тандап, "мыкты" деп табылгандарды президентке сунуш кылат. Кыргызстанда жалпысынан 447 судья бар.

Кыргызстанда сот системасы эң коррупциялашкан тармактардын бири катары эсептелет. Бишкекте 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында да президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана көзөмөл органдары, анын ичинде соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын айтып, катуу сынга алган. (NT)

XS
SM
MD
LG