Линктер

ишемби, 25-май, 2019 Бишкек убактысы 17:44

Окуучулар арасында “Жоокер ыры” сынагы болот


Иллюстрациялык сүрөт.

Сынак бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында жайгашкан “Чек арачылар аллеясында” өтөт. Саамалык 29-май - Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөн күнүнө арналган.

Сынакка жалпы билим берүү мекемелеринде билим алган 200 окуучудан турган 14 команда катышат. Анын жүрүшүндө келген элге аскердик техника да көрсөтүлөт.

"Жоокер ыры" чыгармачыл сынагы жыл сайын өткөрүлүп турат.

XS
SM
MD
LG