Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Борбор Азиядагы уран калдыктары боюнча маселе талкууланууда


Борбор Азиядагы уран калдыктарынын маселесин талкуулаган конференция.
Борбор Азиядагы уран калдыктарынын маселесин талкуулаган конференция.

Бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы уран калдыктарын экологиялык реабилитациялоо маселеси талкууланууда. Анда уран калдыктарынын зыяны бир гана Кыргызстанга эмес, чөлкөмдөгү чек ара аймактарындагы дарыяларга да тийгизери айтылды.

Конференцияга катышып жаткан Европарламенттин депутаты Мишель Ривази:

- Майлы-Суудагы кырдаал Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоо жана жаратылыштагы орчун көйгөйлөрдүн бирден бир көрсөткүчү. Мындай кырдаал көз жаздымда калбай, тезинен чечилиши керек. Буга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү эл аралык коомчулук тарабынан каржыланышы керек. Аймактын тургундары эл аралык коомчулуктан жардам үмүт этип жатканын түшүнсө болот, - деди.

Буга чейин уран калдыктарын рекультивациялоого Евробиримдик 16,5 миллион евро, Норвегия 600 миң еврону атайын фондго бөлүп берген. Ал фонд Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынын көзөмөлүндө. Бирок Борбор Азиянын жети негизги участогун кайра калыбына келтирүү үчүн дагы 70 миллион евро керек экендиги конференцияда айтылды.

Конференцияны кыргыз өкмөтү Европалык Комиссиянын колдоосу менен өткөрүүдө. (KR)

XS
SM
MD
LG