Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Эгемендик жылдары энергетикага 2,77 миллиард доллар насыя алынган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эгемендик жылдары Кыргызстан энергетика тармагына 2 миллиард 77 миллион доллардан ашык насыя алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагына алынган каражат жалпы насыялардын 21 пайызын түзөт. Байгөнчөковдун маалыматы боюнча, жалпысынан Кыргызстан бул жылдары түрдүү тармактарга 9 миллиард доллардан ашык насыя алган.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков мынча көлөмдөгү насыя алынганына карабастан энергетика системасы толугу менен оңолбой жатканына нааразылыгын билдирди.

Кечээтен бери парламент Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын териштирип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG