Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун аймагына жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө 150 кызматкер талап кылынат. Учурда облуста 85 кызматкер жол кыймылын көзөмөлдөп жатат.
- Ар бир тилкеге милиция кызматкеринин турушу менен жол кырсыгы азайбайт. Жергиликтүү тургундардын аң-сезимин өзгөртүш керек. Тургундар мас абалда жана жогорку ылдамдыкта машине айдоону токтотушу керек, - деди Эрлан Атантаев.
Ал келаткан жайкы эс алуу сезонуна кошумча башка облустардан да жол кыймылын көзөмөлдөө инспекторлору тартыларын кошумчалады. (AsM)