Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

18-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек шаарынын борбордук аянты.
Бишкек шаарынын борбордук аянты.

18-майда Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,

Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градуска чейин көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG