Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Пашинян элди митингдерге чыкпай турууга чакырды


Никол Пашиянан депутаттар тобу менен жолуккан учур. 17-май, 2018-жыл.
Никол Пашиянан депутаттар тобу менен жолуккан учур. 17-май, 2018-жыл.

Армениянын жаңы премьер-министри Никол Пашинян соңку күндөрү иш таштоо жана жарандык баш ийбөө акцияларын өткөрүп жаткан армениялыктарды өз аракеттерин бүгүн түштөн кийинден тарта токтотуп турууга чакырды.

Ал мындай үндөөсүн өзүнүн "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу таратты.

Пашиняндын айтымында, “өкмөт менен коом ортосундагы карама-каршылык өкмөт жана коом ортосундагы кызматташтык менен алмашуусу керек”.

Армян премьер-министри жогорудагыдай чакырыкты жергиликтүү бийлик башчыларынын кызматтан кетишин, айлык-акыны көтөрүүнү талап кылган жарандардын түрдүү топторунун акциялары жаңы өкмөттүн ишине “саботаж” иретинде мурдагы бийликтин адамдары тарабынан уюштурулуп жатат деген кеп-сөздөр тараган учурда жасады.

Бирок ал өзү 17-майда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы менен маегинде “саботаждын эч бир элементтерин” көрбөгөнүн белгиледи.

Пашинян бийликке дооматы жана нааразылыгы барларды өз арыздарын өкмөткө кагаз жүзүндө тапшырууну да сунуштады.

Армениянын өткөн айда премьерлик кызматка кайтып келген мурдагы президенти Серж Саркисянды бийликтен кетүүгө мажбурлаган нааразылык кыймылдын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян өкмөт башчылыкка 8-майда шайланган.(UE)

XS
SM
MD
LG