Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Мирзиёев Помпео менен жолукту


Президенттер Шавкат Мирзиёев жана Дональд Трамп Ак үйдө кездешкен учур. 16-май, 2018-жыл.
Президенттер Шавкат Мирзиёев жана Дональд Трамп Ак үйдө кездешкен учур. 16-май, 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Вашингтондогу расмий сапарынын алкагында жолукту.

Мирзиёевдин бүгүн АКШнын коргоо министри Жим Мэттис менен сүйлөшүүлөрү белгиленген.

Анын АКШдагы сапары кечээ башталып, президент Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрүнөн соң Ак үй өзбек президенти өлкөсүндө адам укуктары жаатында буга чейин жетишилген жылыштар “артка кайткыс” экенин билдиргенин кабарлаган.

Президенттердин Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүнөн соң АКШ менен Өзбекстан эки өлкөнүн “стратегиялык өнөктөштүгүнүн жаңы доору” тууралуу билдирүү кабыл алышты.

Эки лидер ошондой эле терроризмге каршы күрөштө, Өзбекстандын коңшусу Ооганстандагы тынчтыкты, стабилдүүлүктү, экономикалык өнүгүүнү колдоодо кызматташууну макулдашты.

Экономикалык маселелерден Мирзиёев Өзбекстан Дүйнөлүк Соода уюмуна кирүүнү көздөөрүн жарыялап, президент Трамп АКШ Ташкентке соодасын жана экономикалык саясатын либералдаштыруу ишинде техникалык жардам көргөзөрүн айткан.

Азыркы иш сапар - Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын президенти катары Кошмо Штаттарга алгачкы расмий визити.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов АКШга расмий сапар менен акыркы ирет 2002-жылы барган. (UE)

XS
SM
MD
LG