"Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" жана "Көчмөндөр ааламы" темасындагы иш-чара 18-майда Бишкекте, 20-майда облустарда болот. Аны «OYOUM group» чыгармачыл тобу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге уюштурууда.
Иш-чара үчүн баш калаада 15, аймактардын борборлорунда тогуз көркөм аянт даярдалды. Бишкектеги акция Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде, Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепканада, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында, Чыңгыз Айтматовдун, Сүймөнкул Чокморовдун жана Михаил Фрунзенин үй-музейлеринде, Кино үйүндө жана башка маданий жайларда өтөт. Оштогу иш-чаралар "Сулайман-Тоо" жана Көркөм сүрөт музейинде, Таластагысы "Манас-Ордо" улуттук комплексинде, Жалал-Абадда "Билимкана" галереясында, Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылындагы «Shygaev museum» заманбап көркөм өнөр музейинде, Сары-Ой айылындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда жана Нарындагы тарых музейинде болот.
"Музейдеги түн" акциясы беш жылдан бери уюштурулуп келатат. Иш-чара кечки саат алтыда башталып, түн жарымга чейин уланат. Каалоочулар бул мезгилде музейлерди кыдырып, көрө алышат. Акция маданий иш-чаралар менен коштолот.