Парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясы айыл чарба тармагынын абалын талкуулайт.
Фракциянын бүгүнкү жыйынына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, финансы министри Адылбек Касымалиев чакырылган.
Алар айыл чарбасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат беришет. (NT)