Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Журналисттерге кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду


"Апрель" быйыл "ON1" каналынын негизинде түзүлгөн.
"Апрель" быйыл "ON1" каналынын негизинде түзүлгөн.

Бишкектеги "Бета-Сторес 2" соода борборунун кызматкерлери "Апрель" телеканалынын операторуна кол көтөргөн факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167 ("Тоноо"), 234 ("Бейбаштык") беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга ушул телеканалдын оператору "Бета Сторес 2" соода борборунун кызматкерлери видеокамерасын жана флеш-картасын алып койгонун айтып, арыз жазган. Анын негизинде соода борборунун үч кызматкери убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алардын бири түрк жараны. Иликтөө уланып жатат.

16-майда "Апрель" каналы журналисттер мөөнөтү өтүп кеткен азыкты сатып алып, камерага тартып жатканда гипермаркеттин күзөт кызматкерлери менен өздөрүн "соода борборунун ээлери" деп атаган түрк жарандары келип, кабарчы менен операторлорду жерге жыгып, камераларын күч менен тартып алганын кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG