Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Тажикстан: Бийлик "имамдар театрга барсын" деген талап койду


Тажикстан. 17-май, 2018-жыл.
Тажикстан. 17-май, 2018-жыл.

Тажикстанда мечиттердин имам-хатибдери Мамлекеттик драма театрына барып, тажик драматургу Мансур Суруштун «Обу оташ» («Суу жана от») деген спектаклин көрүүгө милдеттендирилди.

"Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыккандай, алгачкылардан болуп спектаклди тажик өкмөтүнө караштуу Дин иштери жана салт-санааларды тартипке салуу комитетинин кызматкерлери көрүп келишкен. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Афшин Муким билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү Гиссар аймагындагы мечиттердин имамдары Шахринав айылына чогулуп, Лахути атындагы театрдын актерлорунун аткаруусундагы спектаклди көрүшөт. Андан соң «Обу оташты» өлкө аймактарындагы башка мечиттердин имамдары да көрүп чыгышы керек.

Мансур Суруштун пьесасы боюнча режиссер Шерали Абдулкайсов койгон «Обу оташ» спектаклинин премьерасы быйыл февралда болгон.

Спектаклде жарандык коомдогу өз ара сабырдуулук тууралуу баяндалып, диний фанатизм мазакталат.

Былтыр Тажикстандын ички иштер министри ар бир милиция кызматкери айына бир жолу театрга барып турушун талап кылган.

XS
SM
MD
LG