Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 02:23

Сочиде Орусия менен Сириянын президенттери жолугушту


Владимир Путин жана Башар Асад. 2017-жылдагы жолугушууда тартылган сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сириянын президенти Башар Асад 17-майда Сочиде жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Асаддын Орусиядагы иш сапарында тараптар "кырдаалды саясий жол менен жөнгө салыш үчүн кошумча аракеттер зарыл экенин" белгилешти.

Песковдун айтымында, Путин Асадды террордук топторго каршы күрөшүүдөгү өкмөттүк армиянын ийгиликтери менен куттуктады.

Сириядагы жети жылга созулган жарандык согушта Орусия Башар Асаддын бийлигин колдоп келатат.

Асад 2015-жылдын октябрында, 2017-жылдын ноябрында да Орусияга келип, Владимир Путин менен жолугушуп кеткен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG