Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:40

Аксыда селден көпүрө бузулуп, жол каттамы токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Авлетим айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, 17-майдын кечинде жаандан кийин Дейрес айылынын Талды-Булак участогунда Сазык суусунан келген суу бир үйдүн ичин, дагы бир үйдүн короосун каптаган.

Куру-Таш сайынан келген суу Дейрес - Талды-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы 17 кожолук пайдаланып жүргөн бетон менен курулган көпүрөнү бузуп, агызып кеткен. Жол каттамы токтогон. Учурда ал жактагы тургундар убактылуу 500 метр аралыктан айланма жол менен жүрүп жатышат.

Дейрес айылындагы 12 гектар айдоо жерди суу басты.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана айыл аймак башчысы барып, абалды жеринде такташты.

Бүгүн тактоо жана калыбына келтирүү иштерин айыл аймагынын жетекчилиги улантууда.

XS
SM
MD
LG