Кыргызстан Газа секторундагы соңку кырдаалды талкуулоого катышат. Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн Түркияга барды.
Түркиянын Стамбул шаарында бул уюмдун кезексиз жыйыны өтөт, анда Газа тилкесиндеги абал талкууланат.
Ислам Кызматташтык Уюму – 57 ислам өлкөсүнүн башын бириктирген эл аралык уюм. Кыргызстан ага 1992-жылдын 1-декабрынан бери мүчө.
14-майда АКШ президенти Дональд Трамптын чечими менен Кошмо Штаттардын элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө каршы чыккан палестиндерге чек арада Израил тараптан ок атылган.
Акыркы маалыматтарга караганда, чек арадагы кагылышта 60тан ашык палестиндик каза таап, 2800дөн көбү жарадар болду.