Тогуз-Тородогу башаламандык боюнча тергөө иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, окуяга байланыштуу айрым кызматкерлер иштен алынды. Асанов ошону менен катар милиция тараптан да кемчиликтер кеткенин айтты.
11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.
Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде алардын ичинен үч аялды “өлкөдөн чыкпоо” жөнүндө тилкат менен бошоткон. Калган 12 адамды №1 тергөө абагына камакка алган, алардын сегизи кийин Аламүдүн районундагы №50 тергөө абагына которулары айтылган. (TSh)