Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн орус президенти Владимир Путин менен Сочиде жолукканы жатат.
Жетекчилер Украинадагы жаңжал, АКШнын Иран менен өзөктүк келишимден баш тартышынан кийинки кадамдар, Орусия менен Германияны туташтырган газ куурун төшөө сыңары маселелерди талкуулашмакчы.
Меркел акыркы жолу Орусияга мындан бир жыл мурда барган. Еврошаркет Орусияга санкцияларды киргизгенде Берлин аларды колдогон.
Муну менен катар эле Меркел "Түндүк Агым 2" долбоорун жактай тургандыгын айткан. Долбоордо орус газын Германияга ташыган түтүктү Украинаны кыйгап өтүп салуу каралган. Бул план ишке ашса Орусия Сибирде табылган кендерден Батыш Европага азыркыдан эки эсе көп газ экспорттой алат. Киев "долбоор санкцияларга көлөкө түшүрөт" дегени менен Берлин газ куурун кеңейтүүнү жактырды. План боюнча куур эмки жылдын аягында ишке кирет.