Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Британ компаниясы Ирандагы мунай кени боюнча келишимге кол койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иран мунай кенин өздөштүрө турган британиялык консорциум менен макулдашууга кол койду.

Маалыматка караганда, Лондондо жайгашкан "Пергаз" компаниясы алдыдагы 10 жылда Керанж кенинде 655 миллион баррел мунай казмакчы.

Бул кабардын алдында эле энергетика секторундагы гигант - франциялык "Тотал" компаниясы АКШнын санкцияларынан корголбосо, Ирандагы газ боюнча келишимди токтото турганын эскерткен.

Май айынын башында АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран менен түзүлгөн көп тараптуу өзөктүк макулдашуудан чыгарын жана Иранга каршы санкциялар жанданарын билдирген. Документке кол койгон калган өлкөлөр – Кытай, Орусия, Германия, Британия жана Франция аны сактап калууга даяр экенин айтып келишет.

"Пергаз" менен келишимге 16-майда британ элчисинин катышуусунда кол коюлганы менен Лондон аны жактырганы же жактырбаганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG