Журналист Нарын Айып Алмазбек Атамбаевдин ага карата доо арыз жазышына себеби жок болчу деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
- Мындай доо арыздар деги эле болбошу керек болчу. Анткени биз өз макала, интервью, репортаж жана жаңылыктарыбызда эч кандай мыйзамды бузган эмеспиз. Эч кимдин намысына тийген эмеспиз, бирөөнүн кадыр-баркын түшүргөн эмеспиз.
Экс-президент журналисттерге койгон материалдык доосунан бүгүн баш тартты.
Кыргызстан социал-демократилык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы Атамбаевге шилтеме берүү менен тараткан билдирүүдө: “Расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта кийинки жылда болгон позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызымдын материалдык бөлүгүнөн баш тартышыма мүмкүнчүлүк берүүдө” деп айтылат.
2017-жылдын 20-апрелинде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында "Zanoza.kg" сайтынын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган, Атамбаевди сындаган материал себеп болгон.
Октябрь райондук соту башкы прокурордун арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.
Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.
Жогорку соттун коллегиясы 23-апрелде Масловага байланыштуу соттук ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Андан мурдараак Жогорку сот укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата кенемтени бөлбөй төлөө боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарган. (TSh)