Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Венесуэла президенттик шайлоого даярданууда


Николас Мадуро
Николас Мадуро

Венесуэлада ушул жекшембиде президенттик шайлоо өтөт.

Түштүк Америкадагы бул өлкө соңку жылдары терең саясий жана экономикалык кризиске кептелген. 2013-жылы бийликке келген Николас Мадуро мамлекет башында дагы алты жылга калууну ниеттенип жатат. Оппозиция болсо шайлоону бойкоттоого чакырган.

Мадуронун башкы атаандашы - бир кездеги өзүнүн партиялашы Энри Фалькон. Ал 2010-жылы оппозицияга өтүп, бойкот эч нерсе өзгөртпөсүн билдирип, шайлоого катышаарын айткан.

Кошмо Штаттар, Латын Американын бир катар мамлекеттери жана Евробиримдик бул добуш берүүнү сынга алып, Улуттук шайлоо кеңеши бурмалоолорго жол бериши мүмкүн деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG