Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Борбор Азия жаштары коопсуздукту талкуулашат


7-апрель, 2017-жыл (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин “Жаштык, тынчтык жана коопсуздук” резолюциясын талкуулоо боюнча Борбор Азия форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн пресс-конференцияда Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Пархановдун айтымында, жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жаштар саясаты боюнча министрликтеринен өкүлдөр келип катышат. Ошондой эле Улуттар Уюмунун адистери да чакырылды.

Талкуунун соңунда жаштардын аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу ролун күчөтүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралардын планы иштелип чыгат.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 14-28 жаштагылар жаштар категориясына кирет. Алар ар бир үчүнчү кыргызстандык.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG