Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:40

Сапар Исаков: Мен 100% тазамын


Сапар Исаков, 18-май, 2018-жыл

Мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков "Азаттыкка" курган маегинде камактан коркпой турганын билдирди. Ошол эле кезде аны камашы мүмкүн деген божомолду четке каккан жок.

- Камайт деген сөздөр Интернетте тарап жатат. Атүгүл "Сапар Исаков Америкага качат экен" деген макала да чыгыптыр. Мен өз мамлекетимден эч жакка кетпейм. Мен 100 пайыз тазамын. Эч нерседен коркпойм.

17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу тийиштүү аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Аталган токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат болүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар. (UEz/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG