Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Исаков: Жээнбеков менен Атамбаевге ортомчунун кереги жок


Мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” курган маегинде өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өз алдынча тил табышарына ишенээрин, аларга эч кандай ортомчунун кереги жоктугун айтты.

- Достор арасында сөзсүз өйдө-ылдый болот. Кээде түшүнүксүз нерселер болуп кетет. Анан кайра отуруп сүйлөшүп, достугуна келет. Мен эки дос деле балким бир сөзгө келип, отуруп, сүйлөшүп маселенин баарын чечип алат деп ишенем. Мен Атамбаевдин жанында жүргөн адам катары анын жакшы сапатын белгилегим келет. Эгер ал ката кетирсе, өзү кечирим сураганга даяр. Эки киши өздөрү тил таап алат. Аларга эч кандай ортомчунун кереги жок.

19-апрелде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп, аны президент да колдогон. Анын алдында Алмазбек Атамбаевдин маалында жогорку кызматта тургандардын дээрлик бардыгы иштен алынган. (UEz)

XS
SM
MD
LG