14-майдан 18-майга чейин Бишкектин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда “Эненин саламаттыгы – өлкөнүн бакубаттыгы” деп аталган өнөктүктүн алкагында аялдардын ден соолугу текшерилди.
Жалпысы Бишкекте 11 874 аял каралып, алардын 35 пайызында ар түрдүү оорулар аныкталды.
105 майып аялды адистер үйүнөн текшеришти.
Көп балалуу энелерге белектер тапшырылды. (BCh)