Эки күнгө созулган оор сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ менен Кытай соода тармагы боюнча мунасага жетти. Бул тууралуу эки тарап биргеликте жарыялаган билдирүүдө айтылат.
Документке ылайык Кытай соода балансындагы кемтиктерди толтуруу үчүн америкалык товарларды жана тейлөөнү импорттоону “бир топ көбөйтөт”. Бул Бээжинге сүйлөшүүгө келген америкалык делегациянын негизги талабы болчу.
Кытайды ийге келтирген сумма кандай болгону азырынча белгисиз. Америкалык тарап 200 млрд. доллар десе, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги маалыматты ырастаган жок.
Биргелешип жасалган билдирүүдө “Кытай өз элинин өсүп жаткан материалдык муктаждыктарын канааттандыруу жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу үчүн америкалык продукцияны сатып алууну көбөйтөт. Бул өз кезегинде АКШда өнүмдүн өсүшүнө жана жумуш менен камсыз кылуунун жанданышына көмөк болот”,-деп айтылат. Кытай анда негизинен америкалык айыл чарба продукциясын жана энергоресурстарды ташый турганы көрсөтүлгөн.
Буга чейин Вашингтон менен Бээжин бири-бирин ондогон миллиард долларлык бажы төлөмдөрү менен коркутуп келатышкан. Америка технологиясын Иран менен Түндүк Кореяга реэкспорттогон кытайлык “ZTE” компаниясын АКШ президенти Дональд Трамп аз күн мурдараак санкциядан чыгаргандан кийин тиреш жумшара баштаган эле. (ErN)