Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Коомдук уюм экс-президентти башка доолорунан баш тартууга чакырды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага болгон материалдык доосунан баш тартуу аракетин кубаттады.

Уюм президент Сооронбай Жээнбеков бир ай мурда журналист Кабай Карабековго каршы материалдык доосунан баш тартканын эске салып, бул Атамбаевге үлгү болгонун белгилейт.

Комитет ошондой эле экс-президентти журналист Дайыр Орунбековго карата 2 млн. сомдук жана адвокаттар Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге болгон 10 млн. сомдук доолорунан да баш тартууга чакырат.

Сөз эркиндигин коргоо комитети мындан сырткары мурдагы мамлекет башчыны ишкер Александр Рябушкинге таасир этип, сот чечими менен тартылып алынган “Вечерний Бишкек” гезитин мурдагы ээси Александр Кимге кайтартып берүүгө үндөйт. Уюм Дача СУдагы митингде сөз сүйлөгөн Мавлян Аскарбековго карата кылмыш ишин токтотууну, КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычов тарабынан “Kyrgyztoday” сайтына, анын ээси Бегалы Наргозуевге жана саясатчы Мавлян Аскарбековго коюлган 70 млн. сомдук материалдык доону да чакыртып алууну талап кылат.

Медиа айдыңына сереп салган бирикме "Фергана.Ру" сайтынын кабарчысы Улугбек Бабакуловго карата кылмыш ишин да айыптап, аны жана ага окшоп өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган Григорий Михайлов экөөнү Кыргызстанга келүүсүнө уруксат берүүгө чакырат.

18-майда экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата койгон материалдык доосунан баш тарткан.

Былтыр, 20-апрелде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева ал убакта президенттик кызматта турган Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган, Атамбаевди сындаган материал себеп болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG