Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Бишкекте жаштарга жана коопсуздукка арналган форум башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин “Жаштар, тынчтык жана коопсуздук” резолюциясын талкуулоо боюнча Борбор Азия форуму башталды. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мирлан Парханов “Азаттыкка” билдирди.

Пархановдун айтымында, жыйынга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын жаштар саясаты боюнча министрликтеринен өкүлдөр келди. Ошондой эле Улуттар Уюмунун адистери да чакырылган. Форумга жалпысынан 600дөй киши катышат.

Кеп болуп жаткан БУУнун Коопсуздук кеңешинин №2250 резолюзициясын Кыргызстан 2015-жылы кабыл алган. Бул багытта иш алып барган кыргызстандык жаштар тажрыйбалары менен бөлүшөт. Талкуунун соңунда жаштардын аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу ролун күчөтүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралардын планы иштелип чыгат. Форум эртең, 23-майда аяктайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG