Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Күйүүчү майдын баасы мунай кымбаттаганы үчүн көтөрүлдү


"Газпром" май куюу станциясы.

Мындай маалыматты Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы таратты. Бирикменин басма сөз кызматы кабарлагандай, күйүүчү майдын баасы Орусиянын мунай базаларында баа көтөрүлгөндөн улам кымбаттап жатат. Маалыматка ылайык, май айында баа кескин көтөрүлүп кеткен. "Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Орусиянын мунай базарында баа акырындап көтөрүлүп отуруп, жалпысынан 6% кымбаттаган болсо, май айында эле 10% кымбаттап кетти" деп айтылат маалыматта.

Орусиянын мунай базалары баанын өсүшүн дүйнөлүк базарда мунайдын кымбаттап жатканына байланыштырууда. Маалыматта айтылгандай, акыркы алты жумадан бери дүйнөлүк мунай базарында баа көтөрүлүп отуруп, акыркы 3,5 жылдан бери алгачкы жолу бир баррель мунайдын баасы 80 доллардан ашып түштү.

"Нефтетрейдерлер" ассоциациясы алдыңкы айларда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 5-10% кымбатташы күтүлүп жатканын эскертүүдө.

Ушул тапта Кыргызстандагы күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 38 сомдон 46 сомго чейин сатылууда. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG