Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Ошто "Акыркы коңгуроону" майрамдоодо кортежге тыюу салынды


Бишкектеги бүтүрүүчүлөр. 29-май, 2015-жыл.
Бишкектеги бүтүрүүчүлөр. 29-май, 2015-жыл.

Бул 25-май - бүтүрүүчүлөр майрамына карата коопсуздук иштеринин алкагында ишке ашырылат. 22-майдан тартып Ош шаардык жана облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматы окуучуларга жана аларды ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. Майрам күнү окуучулардын автоунаалардан турган кортежине тыюу салынды.

Ош шаарында 76 орто мектеп бар. Он биринчи классты эки миңден ашуун, тогузунчу классты төрт миңден ашуун улан-кыз бүтүрүүдө.

Мурдараак Билим берүү жана илим министрлиги "Акыркы коңгуроону" майрамдоого акча чогултууга жана белек алууга тыюу салган. Салтанат учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилигин билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөгөн токтом кабыл алынган. Ага ылайык, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө күнү-түнү күзөт уюштуруу, иш-чаралар учурунда фейерверк жана башка түзмөктөр колдонулбашын камсыз кылуу, ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүү милдети тапшырылган.

Быйыл мектептерде "Акыркы коңгуроо" салтанаты 25-майда белгиленет.

2017-жылы Кыргызстанда 9-классты 90 миң, 11-классты 60 миңдей улан-кыз аяктаган. Андан мурунку жылдарда бүтүрүүчүлөр топтошуп алып катуу ылдамдыкта машине айдап, эреже бузган, жол кырсыгына кабылган учурлар катталган. (MdN)

XS
SM
MD
LG