Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Екатеринбургдун мэри Евгений Ройзман кызматтан кетет


Евгений Ройзман? 18-июль, 2017-жыл
Евгений Ройзман? 18-июль, 2017-жыл

Екатеринбург шаарынын башчысы Евгений Ройзман 22-майда кызматтан кетерин жарыялады. Буга облустук кеңештин мэрди түз эмес, парламент аркылуу шайлоо мыйзамын жактырышы түрткү болду. Мындай чечимди жергиликтүү парламент апрель айынын башында кабыл алган.

Мурдараак “Настоящее время” каналына берген маегинде саясатчы шайлоо демократиялык түзүлүштүн негизи экенин жана “адилет шайлоо добуш берүүчүлөрдүн алдында жоопкерчиликти күчөтөрүн” айткан.

Ройзман 2013-жылкы шайлоодо утуп алып, Екатеринбургдун башына келген. Ал оппозициядагы “Жарандык платформа” партиясынан көрсөтүлүп, бийликтин “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкерин жеңип алган.

XS
SM
MD
LG