Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Ооганстандын чыгышында 14 полиция кызматкери өлтүрүлдү


Кандагардагы кол салууда жарадар болгон жергиликтүү тургун. 21-май, 2018-жыл.
Кандагардагы кол салууда жарадар болгон жергиликтүү тургун. 21-май, 2018-жыл.

Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясында талибдердин чабуулдарынан кеминде 14 полиция кызматкери мерт болду. Жергиликтүү бийликтин айтымында, жети офицер Дих Як районунда өлтүрүлдү. Алардын арасында райондук полициянын башчысы да бар.

Маалым болгондой, чабуулдар 21-майдын кечинде башталып, Айристан, Карабах, Дих Як, Жагхату райондорунда 22-майда кечке чейин куралдуу кагылышуулар уланган.

Аймактык кеңештин башчысы Латифа Акбари “Талибан” кыймылынын согушкерлери чабуул койгонун ырастап, бир нече өткөрмө-текшерүү бекеттеринде салгылашуулар болгонун айтты.

Талибдердин өкүлү чабуул үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды.

Бир күн мурда “Талибан” кыймылы ооган баш калаасында чабуулдарды күчөтүшөрүн билдирип, кабулдуктарды “аскердик очоктордон” оолак болууга чакырды. Талибдер тараткан билдирүүдө жазгы чабуулдардын алкагында “душмандардын аскердик жана чалгын борборлоруна” чабуул коюлаары айтылган.

XS
SM
MD
LG