Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

Аба ырайы: үшүк жүрөт


Бишкек. 21-май, 2018-жыл.
Бишкек. 21-май, 2018-жыл.

Чукул билдирүү

22-23-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын көп болот. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаалардын каттамына, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишине, жайыттарда мал багууга тоскоолдук кылат.

24-майда түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунүн чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2° чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындай үшүк жылуулукту сүйгөн айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу.

Аба ырайы

23-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын көп болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26 градус ысыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25 градус ысык болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаарында 23-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы 10...12, күндүз 24...26 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG