Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 22:42

Ооганстанда талибдердин чабуулунан 32 адам мерт болду


Кандагардагы кол салууда жарадар болгон жергиликтүү тургун. 21-май, 2018-жыл.

Талибдердин жазгы чабуулдарынын жанданышы менен Ооганстандын түштүгүндөгү жардыруулардан жана түндүгүндөгү куралдуу чабуулдардан улам кеминде 32 адам набыт болду.

Жергиликтүү аткаминерлердин кабарына караганда, мерт болгондордун 16сы Кандагар шаарында. Бул калаада коопсуздук күчтөрү жарылуунун алдын ала албай калып, андан дагы 30дан ашык киши жарадар болду.

Кечээ, 22-майда Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясында талибдердин чабуулдарынан кеминде 14 полиция кызматкери мерт болгон. Жергиликтүү бийликтин айтымында, жети офицер Дих Як районунда өлтүрүлгөн. Алардын арасында райондук полициянын башчысы да бар.

Маалым болгондой, чабуулдар 21-майдын кечинде башталып, Айристан, Карабах, Дих Як, Жагхату райондорунда 22-майда кечке чейин куралдуу кагылышуулар уланган.

Бир күн мурда “Талибан” кыймылы ооган баш калаасында чабуулдарды күчөтөөрүн билдирип, кабулдуктарды “аскердик очоктордон” оолак болууга чакырды. Талибдер тараткан билдирүүдө жазгы чабуулдардын алкагында “душмандардын аскердик жана чалгын борборлоруна” чабуул коюлары айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG