Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:39

13-майда Ош шаарынын 31 жаштагы тургуну Ильхом Эрматов "Деу-Матиз" үлгүсүндөгү автомашинасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 22-майда анын өрттөлгөн өлүгү Кара-Суу районунун Каратай айылынан алыс эмес жерде ээн талаадан табылган.

Ош шаардык милициясы ИИМдин криминалдык милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн иштин натыйжасында кылмышка шектүү адам 22-май күнү кыргыз-казак чек арасынан өтүп, изин жашырууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Анын көрсөтмөсү менен Токмок шаарынан маркумдун автоунаасы табылды. Кармалган адам кылмыш боюнча толук көрсөтмөлөрдү берди. Учурда бул факты боюнча дагы бир топ ыкчам-иликтөө жана издөө иштери уланууда.

Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсү боюнча ал бул кылмышка маркумдун машинесин тартып алыш үчүн барган. Таксистти өлтүрүп, кылмыштын бетин жабуу максатында өрттөп жиберген. Кармалган адам Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. (MdN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG