Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арстан Усановдун журналисттерге билдиргени боюнча, өз кызын зордуктоо боюнча шек саналып, качып жүргөн 44 жаштагы кишиге эл аралык издөө жарыяланган. Жакында ал Орусиядан кармалып, Баткенге жеткирилди:
- Бул кишиге карата зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол учурда ал Орусияга качып кеткен. Биз аны Орусиянын күч кызматкерлери менен чогуу кармап, Баткенге алып келдик. Ал соттук териштирүүгө чейин милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
2016-жылы Баткен облусунун 44 жаштагы тургуну эки жыл бою өз кызын зордуктап жүргөнү, 16 жаштагы кызынын боюна бүтүп калганы, муну билип калган кыздын апасы менен таенеси аны Тажикстанга алып барып, боюнан алдырганы аныкталган. (MdN)