23-майда Казакстандын Астана шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмундагы (ЖККУ) өлкөлөрдүн коргоо министрлери чогулуп, жыйын өткөрүшүүдө. Жыйындын катышуучулары Борбор Азия аймагындагы согуш коркунучун талкуулап жатышат. Иш-чарага Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков төрагалык кылып жатат. Ошондой эле жыйынга ЖККУнун баш катчысы Юрий Хачатуров жана уюмдун бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров катышууда. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.
ЖККУнун курамындагы өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны тар жана кеңири курамда өтөт. Анда уюмдун келерки жылга күч жана каржы системасын түзүү пландарынан тартып, маалыматтык саясатты уюмдун кызыкчылыгына жараша өнүктүрүүгө чейинки он маселе каралат.
Жамааттык коопсуздук келишими 1992-жылы 15-майда Ташкент шаарында түзүлгөн. Уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Өзбекстан уюмдун курамынан 2012-жылы чыгып кеткен. (ZKo)