Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик "Бешинчи каналды" "парламенттик канал" деген статусунан ажыратып, сатыкка чыгарууну сунуш кылды.
5-чакырылыштагы парламент "Бешинчи каналдын" статусун "парламенттик канал" кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзамды колдоп берген. Бирок, Бекешевдин айтымында, саясатка жана бир топ документтерге байланыштуу мыйзам толук аткарылган эмес.
Учурда парламенттин ишин “Пирамида” каналы чагылдырып жаткандыктан, Дастан Бекешев "Бешинчи каналды" сатууга чыгарыш керек экенин айтты.
Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилигинин берген маалыматына караганда, азырынча "Бешинчи каналды" сатуу маселеси карала элек. Талкууда "Бешинчи каналдын" жалпы карызы 85 млн. сом экени белгилүү болду. Мамлекетке өткөрүлгөн учурда анын карызы 25 млн. сом болгон.
"Бешинчи канал" 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийин апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. Малеваная ошол кездеги президенттин катчылыгынын башчысы болуп кеткенден кийин каналды Евгения Бердникова жетектеп келди.
2011-жылы аны парламенттик каналга айландыруу аракетинде экс-президент Роза Отунбаеванын каршылыгына карабай депутаттардын көпчүлүк добушу менен "Бешинчи канал" мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Ошондон кийин "бюджетке жүк болуп жатат" деген негизде "Бешинчи канал" менен кошо мамлекетке өткөрүлгөн мүлктүн катарындагы "Пирамида" каналын сатуу маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Эки телеканал тең кагаз жүзүндө "парламенттик" деп саналганы менен ушул тапта "Пирамида" гана Жогорку Кеңештин жыйындарын чагылдырат. (TSh/EBM)