Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Трамп: Ким Чен Ын менен жолугушуу болбой калышы мүмкүн


Ким Чен Ын менен Дональд Трамп.
Ким Чен Ын менен Дональд Трамп.

Шейшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп анын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусу "өтпөй калышы мүмкүн" деп күмөн санап жатканын билдирди. Жолугушуу 12-июнда Сингапурда өтөөрү айтылып жатат.

“Бул жолугушуу такыр өтпөйт деген сөз эмес. Бирок ал 12-июнда болбой калышы мүмкүн” деди Трамп.

Президенттин бул билдирүүсүн байкоочулар АКШ менен Түндүк Кореянын "тарыхый" деп сыпатталып жаткан саммити "өтпөй калат" деп болжогонго дагы бир себеп катары кабыл алышты.

Буга чейин Пхеньян да АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгууларынан улам саммитке катышуудан баш тартышы мүмкүн экенин эскерткен. Ага удаа эле "Ким Чен Ындын "Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тартат" деген билдирүүсүн Ак үй башкача түшүнгөн болушу мүмкүн" деген маалыматтар да чыккан. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартышы - АКШ президентинин жолугушуу үчүн коюп келе жаткан талабы.

Кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео саммитке даярдануу уланып жатканын билдирип, бирок ал өтпөй калышы да мүмкүн экенин белгилеген.

Ким Чен Ын Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен жолуккандан кийин Түндүк Кореянын билдирүүлөрү өзгөрүп калгандыктан, Дональд Трамп "Пхеньяндын кайра катаалдашкан позициясы үчүн Кытай жооптуу" деген божомолун айтты.

XS
SM
MD
LG