Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Жээнбеков: Прокуратура коррупцияны ооздуктоого тийиш


Сооронбай Жээнбеков менен Өткүрбек Жамшитов.
Сооронбай Жээнбеков менен Өткүрбек Жамшитов.

23-майда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алып жатып ушундай талап койду. Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдеринин аткарылышы, сот реформасынын жүрүшү тууралуу башкы прокурордун маалыматын укту. Жээнбеков прокуратура коррупцияга каршы күрөштү аягына чыгарыш үчүн колдогу ресурстардын баарын колдонушу зарыл экенин баса белгиледи.

Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратура тарабынан бул багытта бир нече жумушчу топтор түзүлүп, аларга коюлган милдеттерди аткаруу тапшырылганын билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өткүрбек Жамшитов башкы прокурорлук кызматка 26-апрелде Индира Жолдубаеванын ордуна дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG