Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 17:00

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мён Бактын соту башталды


Ли Мён Бак.

Түштүк Кореянын коррупцияга байланыштуу айыпталган мурдагы президенти Ли Мён Бактын соту бүгүн башкалаа Сеулда башталды. Ли "бийликте турган кезинде ири өлчөмдө пара алган" деген айып менен 23-мартта камакка алынган. Ал Түштүк Кореянын темир тор артына камалган төртүнчү президенти болуп калды.

"Yonhap" маалымат агенттиги кабарлагандай, мурдагы президент "10 миллиондой доллар өлчөмүндө пара алган" деп айыпталууда. Ли Мен Бак мындай дооматтардын баарын четке кагып жатат. 2008-жылдан 2013-жылга чейин бийликте турган Ли бул кылмыш ишин азыркы президенттин администрациясы ойлоп тапканын айтып, анын саясий өңүтү бар экенин билдирип жүрөт.

Бийликке андан кийин келген Пак Кын Хе да быйыл апрелде 24 жылга кесилген. 66 жаштагы мурдагы президент айым коррупция, кызматтык кыянаттык жана коммерциялык компанияларга мыйзамсыз басым көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп табылган.

XS
SM
MD
LG