Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Пакистан: АКШдагы атышууда көз жумган кыздын сөөгү жерге берилди


17 жаштагы Сабика Шейхтин cөөгү салынган табыт. Сүрөт аны Пакистанга жөнөтүү учурунда тартылган. Техас штаты, АКШ.
17 жаштагы Сабика Шейхтин cөөгү салынган табыт. Сүрөт аны Пакистанга жөнөтүү учурунда тартылган. Техас штаты, АКШ.

Пакистанда Кошмо Штаттарга алмашуу программасы менен барып, өткөн аптада Техастагы атышууда курман болгон кыздын сөөгү жерге берилди. Бир күн мурда анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Карачи шаарына жеткирилген.

17 жаштагы Сабика Шейхти акыры сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана АКШнын Пакистандагы элчиси да катышты. Шейх Техас штатынын Санте-Фе шаарындагы мектепте билим алып жаткан эле. 18-майда он кишини өлтүрүп, дагы онун жарадар кылган 17 жаштагы окуучу Димитриос Пагуртзис камакка алынган. Ага “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылды.

XS
SM
MD
LG