Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук алат


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келе жатат.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келе жатат.

Казакстанда Мажилистин депутаттары шаршемби күнү жалпы жыйында “Казакстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, Коопсуздук кеңеши консультациялык органдан конституциялык мекемеге айланат.

Ошондой эле Казакстандын туңгуч жана азырынча жалгыз президенти Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берилүүдө. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жаңы конституциялык мекеме улуттук коопсуздукту жана коргонууну гана камсыз кылбастан, “ички саясий туруктуулукту сактайт, конституциялык түзүлүштү жана эл аралык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт” деп жазылган.

Мыйзам долбоорун эми Сенат колдосо, ал президенттин кол коюусуна жиберилет.

Азыркы учурда Казакстанда Коопсуздук кеңеши боюнча өзүнчө мыйзам жок. Ал президенттин 1999-жылы чыккан жарлыгынын негизинде гана иштеп келатат.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнү 30 жылдан бери башкарууда.

XS
SM
MD
LG