Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 03:46

Эмгек акынын өлчөмү боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 157 мамлекеттин ичинен 122-орунду ээледи. Европанын статистикалык бөлүмү, Эл аралык эмгек уюму жана Экономикалык кызматташтык жана улуттук статистиканы өнүктүрүү уюму 2017-жылга карата чыгарган эсепте Кыргызстандагы орточо маяна 220 АКШ долларына барабар деп көрсөтүлгөн

Маяна эң көп өлкөлөрдүн башында Швейцария, Норвегия жана Люксембург турат. Бул мамлекеттерде орточо айлык акы 3,5 миң доллардан көп. АКШда 3120, Орусияда 615, Казакстанда 480 доллар менен алдыңкы жүздүктүн катарын толуктады.

Түркмөнстан 320 доллар менен 110-орунду, ал эми Өзбекстанда 235 доллар деп көрсөтүлүп 118-тепкичти ээледи. Тажикстанда 110 доллар менен132-катарда.

Ооганстанда орточо маяна 34 долларга барабар, рейтингде 150-орунда. Тизмедеги 157 мамлекеттин акыркы сабында Зимбабве турат. Бул өлкөдө орточо айлык акы 21 долларга барабар.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө орточо айлыктын көлөмү быйыл январь-март карата 15 120 сом, башкача айтканда 200 доллардан бир аз ашыгыраак.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG