Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 14:20

Жогорку соттун жаңы тандалган судьялары ант берди


Жогорку сот.

Жогорку соттун парламент аркылуу шайланган жаңы судьялары Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова ант беришти.

23-майда парламент Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүнүн жыйынтыгында Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакированын талапкерлиги жактырылып, Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш ала алган жок.

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары жогорудагы беш адамдын атын атаган. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Жогорку соттун судьялары 70 жашка чейин иштей берет. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG