Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Жан-Ив Ле Дриан: АКШнын чечими Ирандагы консерваторлорду күчтөндүрөт


Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан.

Кошмо Штаттардын Иран боюнча жаңы стратегиясы Тегерандагы консерваторлордун позициясын бекемдеп, жалпы аймакка коркунуч жаратышы мүмкүн деген пикирин Франциянын тышкы иштер министри шаршембиде билдирди.

Жан-Ив Ле Дриандын билдирүүсүнөн эки күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран баллистикалык ракета сыноолорун чектеп, аймакка көрсөткөн таасирин тизгиндебесе, Тегеранга каршы тарыхтагы эң катаал санкциялар киргизилерин жарыялаган.

Жан-Ив Ле Дриан Париж Ирандын гегемониялык амбициялары боюнча Вашингтондун кооптонууларын түшүнөрүн, ошентсе да 2015-жылы кол коюлган өзөктүк келишим Тегеранды өзөктүк курал жасоодон кармап турган жалгыз жол болгонун билдирди.

АКШдан башка Иран менен келишимге кол койгон Британия, Кытай, Франция, Германия жана Орусиянын тышкы иштер министрлери ирандык кесиптеши менен ушул жума күнү Венада жолугушат. Алар келишимди сактап калуунун жолун жана америкалык санкцияларды буйтап өтүүнүн жолдорун талкуулашат. Соңку күндөрү Иран менен келишим түзгөн бир катар европалык компанияларды америкалык санкциялар тынчсыздандырууда.

XS
SM
MD
LG