Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Таласта катуу шамал 11 үйдүн чатырын учурду


Чатырын шамал учурган үйлөрдүн бири. Талас, 23-май.
Чатырын шамал учурган үйлөрдүн бири. Талас, 23-май.

Талас районундагы Долоно жана Кара-Суу айыл аймактарына караштуу 11 үйдүн чатырын шамал учуруп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган райондун акими Бакыт Нуржанов билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта келтирилген чыгым эсептелип жатат.

Шаршембиде Таластын бийик тоолуу айылдарында ылдамдыгы секундасына 10-15 метр болгон.

Бүгүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болду. Анын чыгашасы тууралуу маалымат айтыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбордо жана аймактарда 23-майда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымалдыгын билдирген. Ушундай эле катуу шамал 23-майдан 24-майга оогон түнү да Бишкекте жана Чүйдө болору кабарланды.

ӨКМ буга байланыштуу жарандарды катуу шамалдан этияттанууга жана автоунааларды бактардын алдынан алууга чакырды. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG