Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Ошто милиция кызматкери пара алууга байланыштуу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында милиция кызматкери пара алды деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрликтин Ички иликтөө кызматына Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, андан милиция кызматкери пара талап кылып жатканына даттанган. Кызматкер ага карата кандайдыр материал табылганын, аны моюнуна илип коерун айтып коркуткан.

Факты боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (“Пара талап кылуу”) жана 304-беренесинин 1-бөлүгү (“Кызмат абалынан аша чабуу”) менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө башталды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен Тергөө кызматынын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү шектүүнү жеринде кармоо боюнча операция жүргүзүшкөн. Натыйжада Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кичи лейтенант наамындагы кызматкери 20 миң сом пара алган учурда кармалган. Ал акча каражатын ортомчу аркылуу колуна алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG